Menu

Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, аны 6-сентябрга чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу адвокат Урмат Сыдыков маалымдады. Анын айтымында, актоочу тарап райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанат.

Буга чейин Молдокматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 6-июлга чейин №1 тергөө абагында камакка алынган. Бул чечимди кийин Бишкек шаардык соту дагы өзгөрткөн эмес. Жактоочулар бөгөт чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча шаардык сотко арызданган.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган” деген кине койгон.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: