Menu

УКМК: Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюунун алкагында 30 миллион сомдук зыяндын ордун толуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК бийликтин эң жогорку эшелону болгон адамдар тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 20 жылдан ашык иштеп, жакын туугандарына жана афирирленген жактарга катталган декларацияланбаган ири өлчөмдөгү мүлктүн ээси, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азыгалиев Уланбек Шайлообековичке байланыштуу маалыматтар алынып такталды.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө У.Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: