Menu

Токмокто аял кишинин кекиртегине бычак такап, үйүн тоноп кеткен УКТнын мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Июнь айынын аягында Токмок шаардык милициясына 35 жаштагы аял кишиге карата укукка каршы аракеттер жасалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Түнкү саат 02:30 чамасында Токмок шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз адам эшиктин алдындагы желим килемди өрттөп жиберген. Түтүндүн жытынын айынан батирдин кожейкеси эишигин ачып, сыртка чыкканда кылмышкер аялдын кекиртегине бычак такап, үйгө киргизип кеткен. Үйгө киргенден кийин акча каражаттарын жана баалуу буюмдарын издеп баштаган. Үйүндө болгон бардык акча каражатын ээлеп алган соң, ал изин жашырып качып кеткен.
Жогорудагы факты боюнча Токмок ШИИБдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзө баштаган.
Шектүүнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Чүй облусунун аймагынан кармашкан. Кармалган жаранды тергөө органына жеткиришип, андан соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кармалган жаран оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн соттолгон. Ал Нарын облусунун 1991-жылы туулган И.Б. аттуу тургуну болот. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жаран И.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Иликтөө уланууда. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: