Menu

Чек ара жаңжалында кыйраган турак жайдын саны 140ка жетти

Бөлүшүү:

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта кыйраган турак жайдын саны 140ка жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Баткендеги атайын өкүлү Мамыржан Рахимов билдирди. Буга чейин кыйрап-талкаланган, өрттөнгөн үйлөрдүн саны 136 деп эсептелген.

Рахимов ар бири 126 чарчы метр болгон, заманбап шарттагы үйлөрдүн баары өлкөнүн эгемендик күнүнө карата толук курулуп бүтөрүн кошумчалады.

Ал ортодо Баткендин Лейлек районуна караштуу Максат айылында кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу иштери башталганы кабарланды. Айылда Түркиядан келген жеңил типтеги тамдар кураштырылат. Ушул тушта төрт үйдүн пайдубалы салынып, дубалын бириктирүү башталды.

Өткөн аптада Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган 29 үй кайра курулуп, ээлерине тапшырылган. Тажик бийлиги аларга эки бөлмөлүү үй салып берген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун билдирген. Эки өлкөдө кылмыш иштери козголгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: