Menu

Тазабек Икрамов ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын Вена (Австрия) шаарындагы жайкы отурумунун ишине катышууда

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук  боюнча комитетинин төрагасы  Тазабек Икрамов  5-6-июлда ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын  Вена (Австрия) шаарындагы  жайкы отурумунун ишине  катышып жатат. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бул отурумдун алкагында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук  боюнча комитетинин төрагасы  Тазабек Икрамов  ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын  вице-президенти, Азербайжан Республикасынын ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясындагы делегациясынын  башчысы, Азербайжан Республикасынын  Милли Меджлисинини  депутаты   Азай Гулиев менен жолугушту. Тараптар   эки тараптуу  парламенттер аралык  кызматташтыктын, ошондой эле  ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясы менен Түрк ПАнын алкагындагы  кызматташтыктын  маселелерин  талкуулашты.

Тазабек Икрамов ошондой эле Норвегия парламентинин депутаты – Ассамблеянын Төрагасынын кызматына талапкер  Кари Хериксен мырза менен да жолугушту. Жолугушууда ал  коронавирус илдетине  каршы күрөшүү  чөйрөсүндөгү  кызматташтык, бири-бирине көмөктөшүү  маселелерин көтөрдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: