ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош областынын Ноокат районуна караштуу Онэки-Бел айылында тыюу салынган жүктөрдү ташууга шектелген “С.А.И.,” аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс Спринтер” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Бул тууралу Мамлекеттик бажынын басма сөз кызматы билдирет.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 40 коробкага салынган 240000 шт., жалпы наркы 1600000 сом болгон акциздик маркасы жок, Бирикен Араб Эмиринде өндүрүлгөн “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ