Menu

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери ТТ үлгүсүндөгү тапанчаны алып жүргөн жаранды кармашты

Бөлүшүү:

4-июль күнү Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлерине, Бает айылында жайгашкан пансионаттардын биринде, 45-50 курактагы адам мыйзамсыз ок атуучу куралды өзү менен алып жүрөт деген маалымат түшкөн.

Аталган маалымат райондук милициянын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө тапшырмасынын негизинде Ысык-Көл РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын өздүгүн аныктоого үлгүрүштү. Ал, Чүй облусунун Лебединовка айылынын 49 жаштагы тургуну Л.Х. болуп чыгып, өздүк кароо жүргүзүү учурунда, андан «ТТ» үлгүсүндөгү тапанча, алты октору менен далил зат катары табылып алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жана кошумча далил заттарды табуу максатында мыйзамсыз ок атуучу куралды алып жүргөн шектүү адамдын жашаган үйүндө дагы сакцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда тапанча үлгүсүндө кошумча курал, 10 октору менен табылып алынды.

Учурда, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында алынган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: