Menu

Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын аналитикалык продуктуларынын бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгууну тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана кабыл алууда Институттун ишинин натыйжалуулугун, мамлекеттик органдардын Институт менен өз ара аракеттешүүсүн жана алардын изилдөө ишинин потенциалын күчтөндүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметов Министрлер Кабинетинин Төрагасына Институттун учурдагы милдеттери жана жакынкы аралыктагы пландары тууралуу маалымат берди.

«Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун аналитикалык иликтөөлөрү мамлекеттик органдардын болжолдоо жаатындагы ишин олуттуу жеңилдете алат. Кыргыз Республикасынын аналитикалык продуктуларынын жана Аналитикалык иликтөөлөр фондунун бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгуу зарыл, аны менен мамлекеттик органдар, эл аралык коомчулук жана катардагы жарандар да пайдалана алгыдай болушу кажет», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттик Администрациянын тийиштүү бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын кабыл алуу жаатында да тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: