29-июнь күнү Аламүдүн районунун ИИБнө ооруканалардын бирине дене жаркаттары менен эркек киши жаткырылгандугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерден милицияга 1993-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү 29-июнь күнү болжол менен саат 05:30 чамаларында Мраморное айылындагы талаалардын биринен туугандары аны сабап, алардын бири 3500 сом акчасын алып кетип калганын билдирген. Арыздануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканага кайрылган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзулүп, окуяга шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алардын бири 1993-жылы туулган А.А. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ