Menu

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин чуулгандуу видеомаалыматтар боюнча төгүндөөсү

Бөлүшүү:

Урматтуу калайык калк!

Учурда менин атыма шек келтиришип, жан далбастаган аракет менен социалдык тармактарга жана жергиликтүү сайттарга чагылгандай тездик менен таркап жаткан чуулгандуу видео маалыматтар боюнча төмөнкүлөрдү билдиремин:

Видеолордогу болуп жаткан бул же тигил окуяларга, тагыраагы: конуштуу мүлккө, анын короосуна контейнер коюлганына, ал жерде жашап жаткан аялдын ооруп калганына жана ооруканага жеткирилгенине, анын турмуштагы кош бойлуу кызынын абалына менин эч кандай тиешем жок.

Көзү өтүп кеткен аялды, анын кызын жана ошол жердеги өспүрүмдү мен тааныбайм жана алар менен эч кандай мамилем болгон эмес.

Ал эми видеодогу адамдар чындыкка дал келбеген, текшерилбеген маалыматтарды үстөккө-босток таратып жаткандарынын максаты эмне экендиги мага түшүнүксүз болуп жатат жана алардын ким экендигин айгинелеп турат.

Мезгилибиз көрө албастыкты, ич күйдүлүктү да башынан кечирүүдө.

Жогорудагыларды мен курулай каралоо катары эле баалаймын.

Көзү өтүп кеткен адамдардын жакындарына көңүл айтамын, ошондой эле маркумдун бойунда бар кызы аман-эсен көз жарып алышын каалаймын.

Камчыбек Жолдошбаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: