Menu

Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Муканова Нуруйпа Аалиевна Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөн.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

14 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: