Menu

Министрдин орун басары Надира Жусупбекова түштүк кореялык бизнес-делегациянын алдыңкы тобу менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Мун Сонг Ук мырза башында турган түштүк кореялык бизнес-делегациянын алдыңкы тобу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу БИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптуу онлайн билим берүү жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты, ошондой эле пандемия маалындагы эки өлкөдөгү билим берүүдөгү санариптештирүү процесси тууралуу ой бөлүшүштү.

Тараптар бүгүнкү күнгө карата онлайн билим берүү, атап айтканда, видеосабактар форматында жаштарды окутуу жаатында жасалган иш тууралуу тажрыйба бөлүшүштү.

Ошондой эле, тараптар Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окутуучулар курамынын санариптик көндүмдөрүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Мун Сонг Ук мырза «Корея Телеком» глобалдык бизнес тобунун ишмердүүлүгү, атап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн онлайн платформа түзүү тууралуу жалпы маалымат берди.

Корей тарап Түштүк Кореядагы эпидемиологиялык кырдаал шарттарында онлайн билим берүү жаатындагы маалымат, ошондой эле өздөрү түзгөн онлайн платформа (бул боюнча бүгүнкү күнгө карата окуучуларды окутуу процесси жүрүп жатат) тууралуу айтып өттү.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын мектептери үчүн онлайн-платформа түзүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: