Menu

ИИМ: Исфана шаарында ишкерлерди коркутуу менен опузалап акча талап кылган рэкетирлер кармалды

Бөлүшүү:
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине Исфана шаарынын базарларынын биринде иштеген ишкер кайрылган. Ишкер укук коргоо кызматкерлерине белгисиз адамдар андан “үстүнөн карап тургандыгы” үчүн 500 доллар талап кылышкандыгын айткан. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодесинин 203 беренеси (Опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ыкчам кызматкерлер опузалап талап кылган деп шектелгендердин биринин изине түшкөн. Жакында, ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери кылмышка шектүү 300 доллар өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармашкан. Бул Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну М.Ч. болуп чыккан.
Мындан тышкары, көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (МРУ) кызматкерлери, ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте , ошол эле күнү Бишкек шаарында экинчи шектүүнү кармашкан. Ал Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, 30 жаштагы М.С. болуп, ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда башка шериктерин кармоо чаралары көрүлүп, кылмышкерлердин опузалап талап кылган башка фактыларга катыштыгы текшерилүүдө.
Тергөө иштери уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

60 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: