Ушул жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, Сауд Арабия Падышалыгынан жалпы суммасы 500 миң АКШ долларды түзгөн медициналык буюмдар жана жеке коргонуу каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
Гуманитардык жардам Covid-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө, профилактикалык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө багытталган.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж.К.Бакашова, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ж.М.Рахматуллаев жана Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Ал-Ради катышты.
Өз сөзүндө Ж.К. Бакашова Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирип, бул жардам өз убагында болуп жаткандыгын жана Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан пандемияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге жетишээрлик салымын кошорун белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ