Menu

Россиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы Москва – Ысык-Көл -Москва авиакаттамын ачты

Бөлүшүү:
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 2021-жылдын 15-июлунда «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва-Тамчы-Москва жаңы каттамын салтанаттуу түрдө тосуп алды. Москвадан Д.Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келишти.
Адаттагыдай учакты «триумф аркасы» – суу аркасы менен тосуп алышты. Бул тууралу “Манас” эл аралык аэропортунун  басма сөз кызматы билдирет.
«Аэрофлот – россиялык аба жолдору» ААК өкүлү Валерий Серых: «Биз бул Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын 3 жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам  жумасына 3 ирет – дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы»,-деди.
«Ысык-Көл» аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл областынын жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бул каттамдын ачылуусу тууралуу көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Эки тараптын бирдиктүү аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июл айына белгиленген», – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: