Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм жана кызмат башчылары, өздүк курам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Алгач кызматкерлердин кан басымы, сатурациясы текшерилип, андан соң жугуштуу илдетке каршы вакцина менен эмделишти.
Белгилей кетсек, коронавируска каршы эмдөө 2 ирет жүргүзүлөт.
Кызматкерлер 21 күндөн кийин ушул эле вакцинаны экинчи жолу алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ