Menu

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, кыргызстандыктарды  Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Ассалому алейкум, ардактуу мусулман мекендештер!
Сиздерди Ислам дининин ыйык майрамдарынын бири Курман айт майрамы менен чын ыкластан куттуктайм.

Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат.

Тагдырдын буйругу экен, эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолууда. Бул илдеттен көз жумган жарандарыбызды Жараткан өз мээримине алсын. Ооруп жаткандарга Алла Таала шыпаасын берип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүн тилек кылабыз. Учурдан пайдаланып бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө чакырып кетмекчимин.

Күчтүү коом капилеттен келген ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго жана өзгөрүүлөргө каршы даяр болушу керек. Үстүбүздөгү жыл ушундай сыноолор менен коштолсо да, биз бардыгын сабырдуулук, айкөлдүк жана туруктуулук менен жеңип, жаңы ийгиликтерге ишенимдүү кадам таштайбыз.

Кудай Таала ар бир үйгө береке, ырыскы жана бакыт тартуулап, бизди ар кандай оору-сыркоолордон оолак кылсын!

Айтыбыз элибизге, жерибизге жана жалпы мусулман дүйнөсүнө маарек болуп, тынчтык, токчулук жана молчулук ыроолосун!

Жараткан Кыргызстаныбызды сактасын, баарыбызды кийинки Курман айтка чейин аман-эсен жеткирсин!

Оомийин!”.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: