Menu

Орусия өзү террористтик уюм катары кара тизмеге киргизип, тыюу салган “Талибан” кыймылынын Ооганстандагы аскердик ийгиликтерине оң баасын берди

Бөлүшүү:

Орусия Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Замир Кабулов “Талибан” кыймылынын Ооганстандагы аскердик ийгиликтерине оң баасын берди.

“Талибан” уезддерди өз көзөмөлүнө алуу менен позитивдүү роль ойноп жатат. Алар Ооганстандын ички иштерине эмес, Борбор Азияга, Пакистанга жана Иранга багытталган башка топторду да жок кылып жатышат. Орусиянын Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнүн коопсуздугу жагынан алганда, “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшпөстөн, алар менен кызматташып келген “англосакстарга” караганда “Талибан” позитивдүү фактор болууда”, — деди Кабулов.

Буга чейин “Талибан” кыймылынын делегациясы Москвада болуп, Орусия ТИМинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн. Анда Орусиянын тышкы дипломатиялык мекемеси “Талибан” менен сүйлөшүүнүн максаты Ооганстандагы туруктуулукту бекемдөө экенин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: