Menu

ЕККУ КР Ички иштер министрлигине адамдын манжа издерин аныктоо, электрондук эсепке алуу, идентификациялоочу техникалык каражаттарды белекке берди

Бөлүшүү:
Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. Мындан тышкары Жолугушууда Программанын улук жардамчысы Ирина Глущенко жана ЕККУнун консультанты Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Нурбек Жангабылов, ИИМдин Ыкчам криминалдык борборунун  начальнигинин орун басары милициянын полковниги Абдумалик  Мамыров катышты.
Улан Ниязбеков министрлик менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болгонун белгиледи. “Ал, ЕККУнун Кыргызстандагы кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү кошкон зор салымын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар техникалык жардам манжа издерин, манжа издерин электрондук эсепке алуу, манжа издерин идентификациялоонун бардык түрлөрүн жүргүзүүнү борборлоштуруу жана министрликтин маалымат базасынын серверлерин техникалык модернизациялоо ишине чоң салым кошуп келет, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу, алардын ишин жеңилдетүү, керектүү маалыматтарды табуу процессин тездетет жана маалыматтарды сактоону жөнгө салат” -деп белгиледи ички иштер министри.
Алексей Рогов өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине ар тараптуу маселелер боюнча колдоо көрсөтүүнү уланта берет деп ишендирди. Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
“Ички иштер министрлиги ар дайым ачык жана актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө даяр, ошону менен бирге сизге ден-соолук, тынчтык, жана сиздин жааматынызга туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, – деп белгиледи Улан Ниязбеков.
Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: