КР УКМК сотко чейинки өндүрүштү териштирүүнүн алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалма акча каражаттарын сатуу каналы токтотулду. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ыкчам иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири көлөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк “кылмыш казынасын” толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар аныкталды.
2021-жылдын 24-июлунда КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү “С.С.”, “М.А.” жана “М.У.” кармалып, үйлөрүнө тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында 6800 АКШ долларын түзгөн жасалма акча каражаттары алынган.
Кармалгандардын бири буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сот жообуна тартылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №-26 жатак-абагында кылмыш жазасын өтөгөн.
Кармалгандардын бардыгы КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ