2021-жылдын 24-июль күнү Панфилов районунун ИИБнө аймактык ооруканага эки жаран 1991-жылы туулган И.А. жана 1997-жылы туулган Ш.Т. аттуу жарандар ок атуучу курлдан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Бул малыматтын негизинде дароо Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы жарандар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен пикир келишпестиктен улам жаракат алышканы маалым богон.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Чүй облусунун ИИББдүн жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип анын травматикалык тапанчасы алынган.
Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ