Menu

Баткен милициясы: Ак-Татыр айылынын 6 тургуну жолдон өткөн автоунааларды токтотуп, “тажиктерге алып баратасын” деген шылтоо менен бөтөн буюмдарды тартып алышып, жок кылышып келишкен

Бөлүшүү:

Баткен районунун Ак-Татыр айылында Ош-Исфана автожолунда элдик кошуундардан түзүлгөн топ 2021-жылдын 21-июль күнү болжол менен саат 13.30дар чамасында Исфана багытын көздөй бара жаткан “Спринтер”
үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Ал унаа токтобой кеткенде артынан “Ауди” үлгүсүндөгү  унаа менен Ак-Татыр айылынын 4 тургуну кууп барып, “Спринтер” үлгүсүндөгү  унааны кысып токтотушкан. “Спринтер” үлгүсүндөгү
унаада Бишкек шаарындагы Дордой базарынан Лейлек районуна алып бара жаткан кийим-кечелер болгон.
Бул факт Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (майда ээнбаштык) менен катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Лейлек районунун Арка-2 айылынын 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну 24-июль күнү өзүнүн “Спринтер”  үлгүсүндөгү унаасына 600 кг жүзүм, 600 кг алма жүктөп, Бишкек шаарына алып жөнөп болжол менен саат
23.30дар чамасында Ак-Татыр айылында турган элдик кошуундар  унааны токтотуп, жемиштер Тажик Республикасынан аткезчилик жол менен бара жатат деп айдоочуну тилдеп, уруп 600 кг жүзүмдү дарыяга агызып жиберишкен.
Бул факт Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (майда ээнбаштык) менен катталып, текшерүү иштери башталган.
Андан соң,  24-июлдан 25-июлга караган түнү Ош-Исфана унаажолундагы Ак-Татыр айылында элдик кошундар Лейлек районунун Маргун айылынын 35 жаштагы А.Ө. аттуу тургунун “Мерседец-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү
автоунаасын токтотуп, унаанын ичиндеги 2-2,5 тонна жүзүмүн аткезчилик жол менен келе жатасын дешип,  “Хундай-Портер”  үлгүсүндөгү 2 унаага жүктөп, жүзүмдөрдү жок кылышып жиберген.
Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 210-беренеси (бөтөн мүлктү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жогорудагы фактылардын негизинде бүгүнкү күнү Ак-Татыр айылынын 6 тургуну Баткен РИИБне суракка чакыртылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: