Menu

Кыргыз Темир Жолу: жарым жылдын жыйынтыгында негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүш бар

Бөлүшүү:

“Кыргыз темир жолу УК” мамлекеттик ишканасынын  Кыргыз Республикасында темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын натыйжасында Улуттук компаниянын негизги экономикалык-каржылык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүштө жана стабилдүү катары мүнөздөлөт.

2021-жылдын жарым жылдыгында Кыргыз Республикасында темир жол транспорту менен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун стабилдүү өсүшү байкалууда.

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик ишкана тарабынан 3 471,7 миң тонна же 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 109,0 % жүк ташылып, 287,8 миң тоннага көбөйдү  (2020-ж. 6 айында – 3 183,9 миң тонна). 2021-жылдын 6 айында Кыргыз темир жолун 118 742 жүргүнчү колдонгон. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 46 786 жүргүнчүгө көп (2020-жылдын 6 айында – 71.956 жүргүнчү).

Жүргүнчүлөрдүн санынын өсүшү 2020-жылдын 31-декабрынан баштап республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү ташуунун жандануусуна байланыштуу болду (Бишкек-Кара-Балта-Бишкек, Бишкек-Токмок-Бишкек, Бишкек-Кайынды-Бишкек). Мындан сырткары, 2021-жылдын 18-июнунан баштап Бишкек-1 – Рыбачье багытында жүрүүдө.

«КТЖ УК» МИнын  стратегиялык өнүгүү планынын алкагында аткарылган  мындан аркы кадамдары Кыргыз Республикасында темир жол ташууларынын потенциалын чыңдап жана бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

150 жүк ташуучу вагон жана 3 маневрдик тепловозду сатып алууну каржылоо боюнча эл аралык финансы уюмдар менен келишим жетишилип, макулдашуу процедуралары аяктоо алдында.

Мындан сырткары, эл аралык финансы уюмдары менен кызматташуунун алкагында “Кыргыз темир жолу” темир жолдун жогорку бөлүгүн (рельстер, шпалдар) калыбына келтирүү жана Боом капчыгайындагы көчкүгө каршы галереяны кеңейтүү боюнча иштерин жүргүзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: