Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордука кабылган окуя тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жеринде үй-бүлөлүк турмуш – тиричилик шарты текшерилип, үй-бүлөлүк абалына баа берилген акт түзүлдү. Бул тууралу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бул үй-бүлөнүн турмуш тиричилиги орто абалада, кыздын апасы үй кызматкери, атасы Казахстанда эмгек мигранты, сезондук жумушта иштеп, киреше таап үй-бүлөсүнө акча каражатын жөнөтүп турат. Бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлө катары 3 жашы жетеэлек балдарына 2430 сомдон ай сайын жөлөк пул алышат. Мектептин мүнөздөмөсү боюнча зордукка кабылган М. Р тартиптүү, алдынкы окуучулардын бири.
Учурда бул кылмыш боюнча тергөө иши жүрүп жатат. Ал эми үй-бүлөнү жана жашы жете элек кызды реабилитациялоо үчүн психологдун жардамы көрсөтүүлөт. Жашы жете элек кыздын укуктарын коргоо жана таламдарын камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүүлүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ