Menu

Жогорку Кеңеш талаштуу маалымат мыйзамын колдоду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин 28-июлдагы жыйынында депутаттар коомдо чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышты. Долбоорду 97 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында өтпөй калган. Бирок 28-июлда депутаттар аны кайра добушка коюу демилгесин көтөрүштү. Долбоорду кайра добушка коюуга 95 депутат “макул”, 5 депутат гана “каршы” болду.

Мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген.

Ушул эле мыйзам долбоору буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” деп өзгөртүлгөн жана парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек.

“Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн”, – деп жазылган Жогорку Кеңештин регламентинин 55-беренесинде.

“Медиа полиси” институту бул долбоор тууралуу кеңири анализ жүргүзгөн. Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы белгиленген. 28-июль күнү өтпөй калган мыйзамды кайра добуш берүүгө алып чыгуу регламентке каршы келээрин, алты ай өткөндөн кийин гана кайра добуш берүүгө алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялаган.

Change.org платформасында бул мыйзамга каршы онлайн кол топтоо да жүргөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган.

Эске сала кетсек, жарандык коом былтыр да, быйыл да дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан. Активисттер президентти ага кол койбоого үндөшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

28 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: