Menu

Мамлекеттик тил комиссиясы Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия болуп кайра түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия деп кайра атоо боюнча токтом кылынат:

— Улуттук комиссиянын карамагына Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын алдындагы «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы» мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиясы өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору деп өзгөртүлүп түзүлсүн;

— Улуттук комиссиянын карамагына «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси деп өзгөртүлүп түзүлсүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: