Menu

УКМК: Темир жол бажысындагы коррупциялык схеманын бети ачылды

Бөлүшүү:

КР УКМК фискалдык органдардагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, КР Экономика жана финансы министрлигинин Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Ички иликтөө жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусу менен бажы бөлүмдөрүнүн биринде туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

«Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун кызматкерлери логистикалык компаниялардын айрым өкүлдөрү менен туруктуу кылмыштуу мамиледе болуп, интернет продуктуну керектөөчүлөрдөн жана логистикалык компаниялардан тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн товарларды өткөзүп туруу үчүн системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталган.

2021-жылдын 29-июлунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, кийинки келген жүктүн мыйзамсыз өтүүсү үчүн акча алып жаткан жеринен «Түндүк» темир жолунун бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун инспектору «Х.Э.» кармалган. Кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда «Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун кызмат адамдарынын жана айрым логистикалык компаниялардын  бажыдагы коррупцияга тиешеси бар  экенин аныктоого, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга бажылык тариздөөдөн мыйзамсыз өткөн онлайн товарлардан келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: