Menu

Токио олимпиадасында Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызынын атаандаштары аныкталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-июлда Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында күрөш боюнча эртең, 1-августта килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Токио шаарынан Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов  билдирди.

Эртең күрөш өтө турган бул жерде  балбандар чучукулак кармалды. Алар эртең, 1-августта,бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө килемге чыгып, алгачкы атаандаштары менен күч сынашат.

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак  боюнча Токио олимпиадасына катышып жаткан Жоламан Шаршенбековдун алгачкы атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болду.

Дүйнө чемпионаттарынын күмүш (2017) жана коло (2019) медаль байге ээси Мейрамбек Айнагулов 27 жашта. Ал дагы Олимпиадага алгачкы ирет катышууда. Буга чейин Азия чемпионаттарында экинчи, үчүнчү орундарды ээлеген.

22 жаштагы Жоламан Шаршенбеков быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо уткан. Ошондой эле Жоламан Дүйнө кубогунун алтын медалынын  жеңип, жаштар жана чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш медалын уткан. Жоламандын спорттук ийгиликтери тууралуу учкай айта кетели:

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери Шаршенбеков Жоламан Назарбекович 1999-жылдын 29-сентябрында Талас областынын Манас  районунун  Бала-Саруу айылында төрөлгөн. Грек-рим күрөшү менен 3-класстан машыгып келет.

Раатбек  Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинде  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыручуусу Махмудов Хаким Махмудовичтин кол алдында машыгат.

Шаршенбеков Жоламан Спорттук жетишкендиктери:

  • 2015-жылдын уландар арасында Азия Чемпионатында 1 орун;
  • 2016-жылдын жаштар арасында Азия Чемпионатында 3 орун;
  • 2016-жылдын жаштар арасында Дүйнө Чемпионатында 3 орун;
  • 2017-жылдын жаштар арасында Азия Чемпионатында 2 орун;
  • 2017-жылдын жаштар арасында Дүйнө Чемпионатында 2 орун;
  • 2018-жылдын Азия Чемпионатында 2 орун;
  • 2018-жылдын Дүйнө Чемпионатында 2 орун;
  • 2019-жылдын U 23 Дүйнө Чемпионатында 2 орун;
  • 2020 – жылдын Дүйнө Кубогунда 1 орун;
  • 2020 – жылдын Азия Чемпионатында 2 орун;
  • 2021 – жылдын Азия лицензиялык мелдешинде 1 орун (2021-жылдын Олимпиада оюндарына жолдомо)

Азыркы учурда Жоламан Шаршенбеков Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт Академиясында 4- курста окуйт.

Оңдой берди болуп, Жоламан казакстандык атаандашын утса, чейрек финалда түркиялык же молдовалык балбан менен күч сынашат.

Бүгүн, 31-июлда Токио шаарындагы Макухари Мессе Борборунда олимпиада оюндарында кыз-келиндердин күрөшү боюнча эртең, 1-августта килемге чыга турган кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызынын дагы алгачкы атаандаштары аныкталды.

76 килограмм салмакта  Айпери Медет кызы да казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшөт.

Айперинин алгачкы атаандашы 29 жаштагы Элмира Сыздыкова дасыккан, тажрыйбалуу балбан болуп саналат. Ал  2016-жылы Рио-де Жанейро шаарында өткөн  Олимпиада оюндарынын коло байгесин уткан. Ошондой эле Азия чемпионаттарынан күмүш, коло медалдарын утуп,  бир да жолу Азия чемпиону болгон эмес.

Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн жандырган 22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси болуп саналат. Ошону менен бирге 2020-жылы Азия чемпиону аталган. Айперинин дагы спорттук ийгиликтерин учкай айта кетели.

Кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери Айпери Медет кызы 1999-жылы 30-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. Ал  2020-жылы  Дүйнө кубогунун, Азия чемпионатынын жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү болуп саналат.

2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы жана чыгыш  өнөрү боюнча Азия оюндарында 75 килограммга чейинки салмакта коло медалга ээ болгон. Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта ал бардык атаандаштарын жеңип алган. Ал Кыргызстандан чыккан жаш кыздар арасындагы биринчи дүйнө чемпиону.

Эске салсак, Финляндиянын Тампере шаарында  2017-жылы 1-6-август аралыгында өткөн жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы финалда япониялык балбан Ясухи Мацуюки менен беттешип, 8:6 эсеби менен жеңип алган.

2018-жылы Жакартадагы Азия оюндарында Айпери мелдештин коло медалына татыктуу болгон.

2019-жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 76 килограммга чейинки салмакта коло байгенин ээси болгон.

2020-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында 76 кг салмакта күмүш медаль тагынган.

2020-жылы декабрда, Сербиянын борборундагы  Дүйнөлүк Кубокто, 76 кг салмакта коло медалды жеңип алган.

Айпери бир нече ирет эл аралык турнирлерде байгелүү орундарды ээлеген. Ал быйыл Алматыда өткөн континенталдык жолдомо ойнотулган  турнирде  76 кг салмакта финалга чейин жетип, Токио олимпиадасына жолу ачылган.  Аны олимпиадалык оюндарга даярдаган устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабековдун мээнети тоодой.. Айперинин алгачкы устаты Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаров.

Оңдой берди болуп, Айпери казакстандык атаандашын утса, чейрек финалда орусиялык же египеттик балбан менен күч сынашат.

Кыргызстандык балбандардын маанайлары, даярдыктары жакшы экенин башкы устаттар Азат Эркинбаев менен Нурбек Изабеков айтты.

Күрөш мелдештерин баштай турган балбандарга ийгилик каалап, сүрөөнгө алып туралы.

medal, podium,

Токио олимпиадасынан пресс-атташе Кабыл Макешов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: