Menu

Ооганстандан Тажикстандын аймагына аткезчилик менен 90 кг алтын жана $15 млн. киргизүүгө жардамдашкан үч бажы кызматкери соттолду

Бөлүшүү:

Ооганстандан Тажикстандын аймагына аткезчилик жол менен 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар киргизүүгө байланышы бар эки тажик бажычысы камакка алынып, бирөөнө айып пул салынган. Бул тууралуу Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода билдирди.

Анын айтымында, аткезчилер менен кызматташкан Хатлон облусундагы “Төмөнкү Пянж” бажы бекетинин кызматкерлери – Зариф Аслонов менен Курбонали Сайфуллоев “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга соттолгон. Мындан тышкары ушул эле бекеттин дагы бир кызматкери — Махмадризо Шарипов айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Былтыр ноябрда Тажикстандын укук коргоо органдары Душанбе аэропортунда Тажикстан аркылуу Ооганстандан Дубайга 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар алып өтүүгө аракет кылган топ колго түшкөнүн кабарлаган. Апрелде Душанбе соту бул иш боюнча тогуз кишини күнөөлүү деп таап, 2 жылдан 5,5 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыраткан. Алардын арасында бажы кызматкерлери жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү да бар экени айтылган.

Февраль айында Ооганстандагы “1” телеканалы өз булактарына таянып, тажик бийлиги колго түшүргөн алтын менен акчанын ооган парламентинин төрага орун басары Мирзо Катавозайга тиешеси бар экенин кабарлаган. Саясатчы өзү айыптоолорду четке каккан. Кийинчерээк анын кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: