Menu

Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү Ошто жөнөкөй жаранды аёосуз сабаганы үчүн кармалды

Бөлүшүү:

Милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-июль күнү болжол менен 19:00до Ош облусунун Өзгөн шаарынан белгисиз адамдар анын уулун себепсиз сабашып, денесине жаракаттарды келтиргендигин билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материал КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишине кылмыш дүйнөсүнүн адамдарынын тиешеси бар болгондуктан, ыкчам иш-чараларга ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери киришкен.
Ушул жылдын 28-июль күнү ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун “Кара-Суу-Өзгөн” унаажолунан шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган Т.О. кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.
Алынган маалыматтар боюнча жаран Т.О. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: