Menu

Токио-2020: Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев тең таймашта утулуп, эми коло байге үчүн талапкер болушу мүмкүн. Айаал Лазарев коло байгеге талапкер болбой калды

Бөлүшүү:

6-августта Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарынын эркин күрөш боюнча  65 килограмм салмактагы балбандар  күч сынашып, таймашуулар курч мүнөздө өттү. Кыргызстандын намысын  Эрназар Акматалиев коргоп, тең таймашууда эсеп 3:3 болуп, калыстар жеңишти индиялык балбанга ыйгарып койду. Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта коло байге талапкерлер таймашуусуна чыгып, түркиялык Таха Акгюлга утулуп калды. Бүгүн, 6-августта кечинде грек-рим жана кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча Токио олимпиадасына катышкан кыргызстандык балбандар жана устаттар мекенибиз Кыргызстанга сапар улаганы турушат. Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Эрназар Акматалиев Токиодогу олимпиадалык  мелдешинде  алгач индиялык атактуу балбан Баджранг Пуния менен күрөштү. Эрназар жаш болсо дагы тажрыйбалуу 27 жаштагы Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, индиялык Баджранг Пуния  менен теңата күрөштү. Калыс Эрназарды жакшы аракет кылбай койду деген шылтоо менен индиялык балбанга бир упай берди. Анан чабуулга өткөн кыргыз балбаны атаандашын килемден чыгарып, эсеп теңелди.  Биринчи бөлүк 1:1 эсебинде  Эрназардын артыкчылыгы менен аяктап бараткан. 10 секунд калганда индиялык атаандашы Эрназарды килем үстүнөн түртүп чыгарып, 1 упайга ээ болду. Экинчи бөлүктө эки балбан бири бирине ыкма жасоого мүмкүнчүлүк бербей, тирешип турду. Индиялык балбан бир упай алып, эсеп 3:2 болуп, Эрназар болгон аракетин жасап, таймаш аяктап баратканда эсепти 3:3 кылып теңдеди. Акыркы секунддарда Эрназар үстөмдүк кылды. Бирок, калыстар упайлардын сапатына жараша жеңишти индиялык балбанга ыйгарып койду.Эми бүгүн кечинде жарым финалда индиялык балбан жеңип,

Эркин күрөш дүйнөсүнө табышмак болгон кыргызстандык жаш балбан Эрназар Акматалиев да тууралуу спорт күйөрмандарына  учкай баяндай кетейин.

Келечегинен үмүткөр кылган 22 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев Нарын облусунун Нарын районундагы Орто-Нура айылында төрөлгөн. Жети жашынан бери күрөш менен машыгып келатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байге тагынып, чоң спортко тагдырын арнаган. 2018-жылы эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын катарына кабыл алынган. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки жолку чемпиону. 2018-жылы Эрназар жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болгон. 2019-жылы Иранда өткөн Тахти кубогунда алтын байге утуп, олжолуу келген.  2021-жылы  Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу, жаштар арасында дүйнө чемпиону Сүймөнкүл Таабалды уулу Эрназар Акматалиевди Токио олимпиадасына даярдап, машыктырып, күрөш сырларын үйрөтүп келди.

Быйыл 2021-жылы  11-апрелде Алматы шаарында өткөн Азия континенталдык квалификациялык жолдомо ойнотулган мелдеште Эрназар алтын медаль тагынып, Олимпиада  оюндарына жолу ачылган.

2021-жыдын17-апрелде  Бириккен күрөш дүйнөсү  Эрназар Акматалиевдин Азиялык квалификациялык олимпиадага жолдомо ойнотулган турнирдеги чейрек финал, жарым финал жана финалдагы таймашынын видеолорун жарыялап, аны эркин күрөштүн ыкмаларын эң мыкты аткарган балбан деп  баса белгилеген.

Кечээ,5-август күнү Токио олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта  алгачкы атаандашы АКШнын өкүлү 21 жаштагы Гейбл Стивенсонго 10:0 эсебинде утулуп калган.  Амрикалык балбан финалга чыккандыктан Айаал Лазаревге коло байге талапкерлер таймашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал  Рио-де-Жанейро олимпиадасынын чемпиону, дүйнөнүн эки жолку, Европанын жети жолку чемпиону, түркиялык Таха Акгюль менен күрөшүп, 4:0 эсебинде атаандашына алдырып коюп, коло медалга талапкер болбой калды.11 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп, эки олимпиадага катышкан Азия чемпиону Айаал Лазарев Токиодогу мелдешин жыйынтыктады.

Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, белгилүү жөө күлүк Дарья Маслова Токио  олимпиада оюндарынын акыркы күнүндө  8-августта марафондук жарышка чыгат.  4-август күнү Дарья Маслова устаты, Азия оюндарынын чемпиону Татьяна Борисова менен Токио шаарынан Саппоро шаарына учуп кетишкен. Себеби 42 километр 195 метр марафондук жарыштар ушул шаарда өткөрүлөт.

6-августта кечинде грек-рим жана кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча Токио олимпиадасына катышкан кыргызстандык балбандар жана устаттар мекенибиз Кыргызстанга сапар улаганы турушат.  Олимпиадалык айылда балбандарды  чакан узатуу салтанаты болду.

23-июлда расмий башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алардын ону байге ала албады. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээлери болушту. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан кечээ  61-орунда турса, учурда  67-орунга жылып калды. Биринчи саптагы Кытай өлкөсүнүн учурда 34 алтын, 24 күмүш, 16 коло медалы бар. Экинчи орунда 30 алтын, 35 күмүш, 27 коло байге уткан АКШ турат. Оюн ээси Жапония 22 алтын, 10 күмүш, 15 коло медаль утуп, үчүнчү орунда келатат. Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышып жаткан Орусиянын учурда 16 алтын, 23 күмүш жана 21 коло медалы бар. Алар бешинчи тепкичте турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыда. Алар учурда 2 алтын, 1 коло байгеси менен 32-орунда келатат.Мурдакы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 7 коло байгеси менен 76 орунга илинүүдө. Бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 73-орунда келүүдө. Олимпиада оюндарына катышкан 206 өлкөнүн 81 мамлекеттин спортчулары байгелүү орундарды ээлеп турушат.

Токио олимпиадасы 8-августта жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, Токио олимпиадасындагы пресс-атташе

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: