Menu

Кол гранаталарын сатууга аракеттенген Араван районунун тургуну кармалды

Бөлүшүү:

2021-жылдын 31-июль күнү Араван РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине Араван районунун 29 жаштагы жашоочусу Р.Н. кайрылып,  ал өз ыктыяры менен  жарылуучу  эки даана кол граната  өткөрүп берген.
Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, бул жарылуучу заттарды башка бирөөлөргө  сатып берүүнү суранып Ю.Э.  аттуу жаран берген.
Араван РИИБдин ыкчам-иш аракеттеринин   натыйжасында,  бул куралды сатып берүү үчүн Р.Нге берген жаран кармалып,  убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жаран Араван районунун 27 жаштагы тургуну Ю.Э. жана учурда эч жерде иштебейт.
Аталган факты  Араван РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тийиштүү экспертизанын жыйынтыгында аталган жарылуучу зат РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы экендиги аныкталган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул жарылуучу затты шектүү кайдан алгандыгын аныктоо жана ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: