2021-жылдын 6-августунда КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнө (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү) ылайык “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору А. С карата кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Бул факты боюнча А.Сартбаев интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ