Menu

УКМК: “Унаа” мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

КР УКМК органдарында коррупциялык схемаларды бузуу боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында, 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасына ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруунун туруктуу каналын бөгөт коюлду.

жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Ак-Тилек” жол көзөмөлдөө пунктунун кире беришинде 15 жеңил автоунаа менен 2 оор жүк ташуучу унаалар токтотулган, текшерилгенде булар үчүн транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү, 2021-жылы эки айдын ичинде тагырагы (июнь-июль)  айларында Чүй облусундагы “Унаа” МИнын бөлүмдөрү тарабынан мурунтан эле берилген. Ошол эле учурда, алардын кээ бирлеринин кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес.

Учурда бул ишке тийешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы МККнын Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти дагы (ТКАКД), аныкталган коррупциялык схемага аралашкан.

УКМК эскертет, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 26-февралындагы No40, 2015-жылдын 3-июнунан тартып оң рулдуу транспорт каражатын каттоого алып кирүүгө тыюу салынган, коммуналдык кызматтарга, айыл чарбасына, жол курууга (тейлөөгө) арналган автотранспортту кошпогондо (автокрандар, жүк ташуучу машиналар, бетон аралаштыргычтар, сугаруучу машиналар) Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияга жана жол кыймылына катышууга, жана ошондой автотранспорттун башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Бул тыюу салуунун максаты – Кыргызстандын автомобиль транспортунун иштешинин эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу болуп эсептелинет. Бул мыйзам “оң рулдуу” унаалардын катышкан кырсыктарынын санын азайтууга багытталган.

Белгиленгендей, бул мыйзамдын күчүнө кириши буга чейин алып келинген оң рулдуу унааларга тиешеси жок, мыйзам күчүнө киргенден кийинки алып келинген унааларга гана тийиштүү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: