Menu

Бүгүн түндө Ысык-Көлдүн Корумду айылында 3 автоунаа кагышып, 20 жаштагы эки жаш жигит кырсык болгон жерде каза болушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-августта түнкү саат болжол менен 00.40 чамаларында 23 жаштагы К.У. өзүнүн “Мазда 626” үлгүсүндөгү  автоунаасын, “Балыкчы-Ананьево-Каракол” автоунаа жолунда күн чыгыштан батышты көздөй
башкарып бара жатып, аталган жолдун 101,660-чакырымынан, тагыраагы Ысык-Көл районунун Корумду айылынан, алдын алган малыматка ылайык жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кетип, карама-каршы келе жаткан 31 жаштагы К.А. башкаруусундагы “Ауди С4” үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси I 0331 АВ автоунаасын сүзүп, андан ары барып, Ж. И. башкаруусундагы “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү автоунаасын сүзүп жол кырсыгына учураган. Бул тууралу ИИМдин жол-патруль кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Натыйжада Ауди С4 автоунаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү 20 жаштагы А.Э. кырсык болгон жерден каза болушкан, ал эми андан бөлөк 2 айдоочу жана Ауди С4 автоунаасынын 3 жүргүнчүсү ар кандай жаракаттар менен Ысык-Көл райондук ооруканага жаткырылышкан.
Автоунаалар айып төлөнүүчү жайга киргизилип, айдоочу Келдибек уулу А. каза болгондугуна жана эки айдоочу Канатбек уулу Улан, Жунушбеков Илимдер оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылгандыгына байланыштуу, спирт ичимдигин ичкендиктерин аныктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр болгон жок, тергөө кызматы тарабынан кандары алынып экспертизалар дайындалды.
Жогорудагы жол кырсыгы боюнча топтолгон материал, Ысык-Көл РИИБдүн маалымат катоо китебине катталып, Ысык-Көл РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан, тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери
жүргүзүлүүдө.
Буга чейинки ӨКМ тарабынан берилген маалымат так эмес жана чындыка дал келбейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: