Menu

Шамалды-Сай шаарчасында эки аял урушуп, бири экинчисин бычактап өлтүргөн

Бөлүшүү:

11-август күнү саат 13:15 чамаларда Таш-Көмүр ШИИБдин 102 кызматтык номерине телефон чалуу болуп, анда “Шамалды-Сай” шаарчасынын Темир-Жол көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Чакыруу боюнча Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылып, ал Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагы үйлөрдүн биринде жашаган 1978-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран экендиги такталып, киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Аталган окуя боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБдин КЖБРне  “Киши өлтүрүү” фактысы менен катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-дактилоскопиялык экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүүлөрдү табуу максатында иш-пландар түзүлүп, ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

КРнын ИИМдин, Жалал-Абад ОИИБдин жана Таш-Көмүр ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жасаган ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Шамалдуу-Сай шаарчасынын тургуну 1983-ж.т. П.Т. (аял киши) аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө П.Т. кылмыш болгон жерден жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Таш-Көмүр шаардык сотунун тергөө судьясы тарабынан каралып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда окуя боюнча адам өлтүрүүнүн себептерин аныктоо, өндүрүш ишти соттун кароосуна жиберүү боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: