2021-жылдын 12-август күнү болжол менен саат 20:30 чамаларында Москва районунун ИИБнө Петровка айылынын 1991-жылы туулган жашоочус А.Б. кайрылып, ал өзү жасаган күнөөсү тууралуу айтып берген. Анда 12-август
күнү болжол менен саат 03:00 чамаларында Петровка айылындагы үйлөрдүн биринде атасы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам атасынын денесине жаракат келтирип, алган жаркатынан улам атасы окуя болгон жерде каза болгонун билдирген.
Алынган маалыматтын негизинде Моска РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган А.Б. камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ