Menu

Активисттер “Кумтөр” боюнча АКШ элчилигинин алдына акцияга чыкты

Бөлүшүү:

Активисттер Бишкектеги АКШ элчилигинин алдына Кумтөр алтын кенинин айланасындагы сот иштери боюнча акция өткөрүштү.

Алар Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра голд” компаниясынын “Кумтөр голд” компаниясын банкрот деп таануу боюнча арызы Нью-Йорктогу сотто калыс каралсын деген талап менен чыккан.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Нарис Калчаевдин айтымында, акция 17-августта Нью-Йоркто башталчу сот ишине байланыштуу өтүп жатат.

“Нью-Йоркто “Центерра голд” компаниясынын арызы менен сот болгону жатат. “Кумтөр голд” компаниясын банкрот деп таануу боюнча сотко кайрылган. Биз калыс карап берүүнү талап кылып жатабыз”.

“Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын алтын кенди иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган.

8-июнда Нью-Йорктогу сотто бул иш карала баштаган. Судья Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартуу, алардан доо өндүрүү же ал ишканалардын мүлкүн тартып алуу аракеттерине убактылуу чектөө коюучу буйрук ишке кирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: