Menu

Бишкекте француз-немис маданият институту ачылат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делеус жана Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин орун басары Дэвид Вестенфельдер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, Бишкекте француз-немис маданият институтун түзүүнү талкуулашты.

Франсуа Делеус Франция менен Германиянын Өкмөттөрү Кыргызстанда француз-немис маданият институтун түзүү жөнүндө кабыл алган чечими тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, мындай институттар Италия, Бразилия жана Иракта да түзүлмөкчү.

Бул институттун Бишкектеги ишмердүүлүгү тил курстарын, биргелешкен концерттерди, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, конференцияларды уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы маданий, билим берүү, гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталат.

Жылдыз Бакашова бул чечимге ыраазычылыгын жана кыргыз тараптын биргелешкен маданий-гуманитардык иш -чараларды өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Башчысынын орун басары Кыргызстандын күндөрүн Францияда жана Германияда өткөрүүнү сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: