Menu

Балыкчыда улгайган аялды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бөлүшүү:

21-август күнү таңкы саат 4:36 чамасында Балыкчы ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, шаардын көчөлөрүнүн кесилишинин биринде, азият улутундагы жашы болжол менен 70-80 чамаларындагы аял кишинин жансыз денеси жол жээкте жатат деп маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Балыкчы ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүү учурунда, болжолдуу «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаасына таандык тетиктердин сыныктары табылган. Анадан тышкары, каза болгон адамдын өздүгү аныкталып, ал Балыкчы шаарынын 85 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Аталган факт, Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 297 (Жол кыймылынын жана автотранспорт каражаттарын эксплутациялонун эрежелерин бузуу) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жол кырсыгын жасап, окуя болгон жерден изин жазгырып кеткен айдоочуну аныктоо боюнча багыттамалар жана тергөө тапшырмалары берилген. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Балыкчы ШИИБ боюнча жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну аныктап, милиция бөлүмүнө ошол күнү эле алып келинген. Ал, ушул эле шаардын 21 жаштагы тургуну К.А. болуп чыгып, алгачкы суракта күнөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда, жол кырсыгына тиешеси бар “Тойота-Витц” үлгүсүндөгү автоунаа токточу жайына токтотулуп, тергөө амалдары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: