Menu

Камактагы экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 млн сом төлөп, үйүнө бошотулду

Бөлүшүү:

Коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 20-августтагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде үйүнө бошотулган. Бул тууралуу 24-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Абылгазиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылып, анын ден соолугу начарлап баратканын жана материалдык чыгымды төлөгөнүн жүйө келтирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ал мамлекетке 50 миллион сом төлөп берди.

Абылгазиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 26-январда кармап, ал “өкмөт башчы болуп турганда мыйзам бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгонун, натыйжада кендин жалпы аймагы эки эсе көбөйгөнүн” билдирген.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, УКМК “Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон” деп маалымдаган.

2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен мурдагы өкмөт башчы өзү же анын жактоочулары бул тууралуу комментарий берген эмес.

Быйыл июнь айында ал УКМКнын тергөө абагынан “Бикард” менчик бейтапканасына которулган.

УКМК 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганын айткан жана бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: