Быйыл 31-августта эгемендүү кыргыз мамлекетинин Көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааркеси белгиленет. Ошол жылы төрөлгөн балдар, кыздар эрезеге жетип, алды 3-4-5 балалуу, үй-жайлуу болуп, атуул катары калыптанып калышты. Саясатка аттангандардын алды өлкөбүздүн учурдагы мамлекеттик башкаруу аппаратынын ар түрдүү деңгээлдеги башкаруучулары, министрлердин, комитеттердин, комиссиялардын төрагаларынын орун басарлары, жетекчилери, саясий партиялардын лидерлери болуп, эли-журтуна, кыргыз мамлекетине кызмат өтөшүүдө. Көптөгөн ийгиликтерибиз болсо да, кээ бир пессимистик маанайдагы мекендештерибиз аларды көргүсү келбей, кээ бир кемчилдиктерге, мүчүлүштүктөргө басым жасап, 30 жылда алгылыктуу иш болбогондой таризде кээ бир ММК аркылуу пикир түзүүгө аракет кылышууда. Мен аларга макул эмесмин, кемчилдиктер, катачылыктар менен катар эле бир топ жетишкендиктер, ийгиликтер болгону талашсыз. Оптимисттик маанайда ошол ийгиликтерибизге тарыхый саресеп салдык.
Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгында орун алган өлкөбүздүн саясий, социалдык-экономикалык коомдук жана маданий турму-шунда орун алган 30 олуттуу, кыргыз мамлекетинин бурулуш этаптарына алып келген, тарыхыбызда татыктуу из калтырган окуяларына саресеп салып көрдүк. Алар төмөнкүлөр болду:
- 1991-жылдын 31-августунда жарыяланган кыргыз мамлекетинин Көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларация. Бул документ кыргыз мамлеке-ти үчүн зор тарыхый, саясий, укуктук мааниге ээ болгону талашсыз. Ошол кезден баштап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаңы – өз алдынча, көз карандысыз мамлекет катары доору башталган.
- 1992-жыл көз карандысыз кыргыз мамлекетинин маанилүү жылы болуп калды. Жаңы кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын Турция, США, Россия, Япония, Китай, Иран, Пакистан, Германия сыяктуу дүйнөлүк ири державалар таанышкан. 1992-жылдын 1-февралында Бишкекте, Борбордук Азия чөлкөмүндө биринчи болуп, АКШ элчилиги, а Вашингтондо Кыргызстандын элчилиги ачылган. 1992-жылдын 29-апрелинде Түрк Республикасынын элчилиги Бишкекте ачылды. 1992-жылдын 2-мартында БУУ Генералдык Ассамблеясынын 46-сессиясы Республика Кыргызстанды БУУнун мүчөлүгүнө бир добуштан кабыл алган. Ошол эле күнү Нью-Йоркто, БУУнун башкы имаратында Республика Кыргызстандын Туусу расмий көтөрүлүп, желбиреген.
- 1993-жылдын 5-майында Жогорку Кеңештин ХП сессиясында талкууланып, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы – Конституциясы кабыл алынган. Бул чындыгында зор саясий, укуктук мааниге ээ тарыхый окуя. Көз карандысыздыктын жаңы шартында Кыргызстандагы мамлекеттик, коомдук түзүлүштү, башкаруу ыкмасын, реслубликанын ички жана тышкы саясат-тарынын негизги багыттарын мезгил талабына шайкеш аныктоо керек эле. Мындай кадамдарды камсыздоо үчүн жаңы Баш мыйзам иштелип чыгып, эл таразасына коюлуп, кабыл алынган. Конституциянын маңызын негизги эки принцип түзгөн: бийлик бутактарынын бөлүнүшү; элдик суверенитет. Конституция республиканы унитардык, демократиялык республика деп жарыялаган.
- 1993-ж. Конституцияга шайкеш көз карандысыз Кыргызстанда коомду, саясий турмушту деидеологизациялоо, департизациялоо, десоветизациялоо, децентрализациялоо, деформациялоо турмушка ашырыла баштаган. Конституцияга ылайык укуктук мамлекеттин негиздери киргизилген. Алгачкы жолу бир партиянын үстөмдүгү жоюлуп, көп партиялуулук система киргизилген.
- Жаңы Конституциябызга ылайык жаңы мамлекеттик символдорубуз пайда болду. Өлкөбүздү эл аралык аренада таанытып келе жаткан – Туубуз 1992-ж. 3-мартында Жогорку Кеңештин 8-сессиясында расмий белги катары кабыл алынып, 5-мартта Өкмөт үйүнүн үстүндө салтанаттуу көтөрүлгөн. Туунун авторлору Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков. Улуттук мамлекеттин символу болгон – Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген. Авторлору А.Абдраев, С.Дубанаев. Кыргыз мамлекетинин маанилүү символу – Гимн Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 18-декабрындагы чечими менен бекитилген. Сөзү Ж.Садыков жана Ш.Кулуевдики. Обону Н.Давлесов менен К.Молдобасановдуку.
- 1993-жылы 10-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12-сессиясы, Өкмөттүн “Улуттук валютаны киргизүү жөнүндөгү” сунушун кабыл алып, анын зарылдыгын бекитип, өз чечими менен улуттук валюта – сом киргизилген. Кыргыз Республикасы КМШда биринчилерден болуп өз улуттук валютасын чыгарды. 90-жылдардын башында өлкөнү экономикалык, социалдык кризистен чыгуусуна, жаңы киргизилген улуттук валюта олуттуу таасир эткени талашсыз. Биздин улуттук валютабыз азыркыга чейин Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эң туруктуу улуттук валюта болуп, мамлекетке, соода-экономикалык катнаштарда өз вазыйпасын аткарып келүүдө.
- Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешине шайлоолордун натыйжасында 1995-жылдын февралынан баштап эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Мыйзам чыгаруу (35 депутат) жана Эл өкүлдөр жыйыны (70 депутат). Тең шайлоо шарттарында шайланган эки палатанын депутаттарынын укуктары бирдей болгон. Бул дүйнөнүн башка парламенттеринен айырмаланып турган эки палаталуу кыргыз парламентинин өзгөчөлүгү эле. (Бирок эки палаталуу кыргыз парламенти да туруктуу болуп, өз жемишин толук бере албады. Бир палаталуу Кыргыз Республикассынын Жогорку Кеңешине биз кайрадан 2005-жылы кайрылдык).
- Баш мыйзамыбыз 1993-жылы кабыл алынган кийин өлкөбүз 9 жолку конституциялык реформаны баштан кечирди. Ал реформалар «Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү» жөнүндөгү мыйзамдын алкагында, бүткүл элдик референдумдун натыйжасында турмушка ашырылган. Конституциялык реформалар 1994,1996,1998, 2003,2006, 2007,2010,2016, 2020- жылдарга туура келет. Эгерде көз карандысыздыкка 30 жыл болсо, анын ар бир 3 жылында жаңы Конституция же конституциялык реформа болуп турган десе болот (Биринчи Баш мыйзамды кошкондо 10 жолу мамлекеттик деңгээлдеги конституциялык өзгөрүүлөр болду десек болот).
- 1995-жылдын 25-30-августунда Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. Ал маараке 1992-жылдын 20-июнунда “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы, 1994-жылкы БУУнун 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк деңгээлде майрамдоо туууларуу резолюциясынын алкагында уюштурулуп, өткөрүлгөн. “Манас”эпосунун 1000 жылдык мааракеси Кыргыз Республикасын дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу тааныткан. Мааракеде “Манас” айылында 1000 боз үй тигилип, 12 канат хан өргөө, 3 кабаттуу боз үй салтанаттын көркүн ачкан. Беш күнгө созулган мааракеде 40ка жакын өлкөдөн 150дөй окумуштууну катышып, 100гө жакын түрдүү эмгектердин кыргыз жана чет тилдерде басылып чыккан. Жыйынтыгында “Манас” декларациясы кабыл алынган. “Манас” музейи ачылган.
- 1997-жылдын 1-январына карата көз карандысыз Кыргыз Республкасын дүйнөнүн 120 ашык өлкөсү таанып, 40га жакын ири эл аралык уюмдарга мүчө болгон.
- 2000-жылдын октябрында башында Ош шаарынын 3000 жылдык салтанаты БУУнун колдоосу менен өткөн. Дал ошол маараке учурунда Ош шаарына экинчи борбор статусун берүү жөнүндөгү Президенттин Жарлыгы чыгып, ошондон бери 5-октябрь Ош шаарынын күнү катары белгиленет. 2000-жылдын 4-октябрындагы Президенттин № 276 Жарлыгына ылайык Ош шаары «Данакер» ордени менен сыйланган.
- 2003-жылдын августунуда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык салтанаты өткөн. “2003-жылды – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы” деп жарыялоо тууралуу чечимди БУУ Башкы ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрында өткөн 57-сессиясы кабыл алган. Натыйжада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы дүйнөлүк деңгээлде белгиленди.
- Өлкөнү өзгөрүүгө алып келген олуттуу саясий, тарыхый окуялар катарында Аксы окуясы бар. 2003-ж. 17-18-март күндөрү Аксы районунун кал-кы менен куралдуу милиция отряддарынын ортосундагы кагылышуу болуп, анын натыйжасында чыккан ок атуудан 6 адам курман болуп, 22 адам жараат алып, 67 адам камакка алынган. Аксы окуяларынын чыгуусунун себептерин, анын натыйжасын иликтөө үчүн үч комиссия иштеген. Алар: Коомдук-саясий комиссия, Депутаттык комиссия, Мамлекеттик Ар бир комиссия өз вазыйпаларын аткарып, өз жыйынтыктарын тиешелүү жактарга беришкен. Аксы окуялары Кыргызстан элинин тарыхында ташка тамга баскандай из калтырып кетти.
- 2005-жылдын 24 марты элдик революция. 2005-ж. өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, социалдык-экономикалык абал курчуп ошол кезге кеңири кулач жайган мамлекетти авторитардык, үй-бүлөлүк башкарууну кыйратып, саясый өнүгүүнү, багытты түп-тамырынан бери өзгөртүп, саясый системанын чыныгы демократиялык нукка бурууга толук шарттар түзүлгөн. Ал эми Жогорку Кеңешке шайлоо толкуп турган эл массасын чечкиндүү саясий кадамдарга баруусуна түрткү болуп калды. Март революциясынын саясий, социалдык-экономикалык негизги себептери: А.Акаевдин элди алдап үчүнчү мөөнөттөн кийин дагы президент болуп калууга аракети; А.Акаевдин өзүнүн, жакындарынын, бийликтеги өнөктөштөрүнүн теңирден тескери жоруктары, конституциялык укукту бузуулары коомчулукту, элди, саясий күчтөрдү кыжырдантты; Б.Акаева башында турган «Алга Кыргызстан!» президенттик саясий партиясынан басымдуу көпчүлүгү Жогорку Кеңештин депутаттыкка өткөн, алар аркылуу А.Акаев өз кудуретин бекемдөө аракетин көргөн;[1] Жогорку Кеңешке «Алга Кыргызстан!» саясий партиясы аркылуу өзүнө өзгөчө берилген чиновниктер эле эмес, жакын туугандарын, үй-бүлө мүчөлөрүн, президенттин кызы – Б.Акаеванын, уулу – А.Акаевдин, аялы М.Акаеванын көптөгөн туугандарынын, бир эле мезгилде ар түрдүү чөлкөмдөр аркылуу парламентке келиши элди иренжитип, абдан нааразы кылган; калктын кескин түрдө жакырчылыкка кабылышы, жумушсуздуктун арбышы – 1991-жылдан баштап, калктын социалдык абалы жыл сайын начарлап, 2005-жылы калктын 70 пайызы жакырчылыктын жана өтө жакырчылыктын чегине туш болду; Жогорудагылардын баардыгы кыргыз коомчулугун, элди жаңы, чечкиндүү революциялык кадамдарга баруусуна түрткү болгон. Элдик нааразычылык күндөн күнгө күч алды. 2005-ж. 24-мартында 15 жыл бийлик жүргүзүп, өлкөнү экономикалык кыйроого, миллиондогон тышкы жана ички карыздарга батырган, мамлекетти башкарууну узурпациялап, үй-бүлөлүк башкарууга жол берген өлкөнүн биринчи президенти А. Акаевдин режими кыйрап, өзү чет өлкөгө качууга мажбур болду.
- Март революциясынын турмушка ашышына 2005-ж. башында Кыргызстанда пайда болгон үч оппозициялык күч А.Акаевдин режимине каршы туруп, революциянын ишке ашырган. Алар К.Бакиев башында турган 9 саясий партияны камтыган «Кыргызстан элдик кыймылы», М.Иманалиев жетектеген «Жаңы багыт» жана Р.Отунбаева, О.Текебаев жетектеген «Ата Журт» кыймылы. Буларга кошумча «Кел кел» жаштар уюму. Негизги саясий каршылыкты ушулар көрсөткөн. 24-март эл өзүнүн укугун коргоп, бийликтин жалгыз булагы экенин, эл бийлиги баарынан жогору, Мекендин тагдыры баарынан ыйык экенин көрсөткөн тарыхый күн болду.
Бул революциянын өзгөчөлүгү революциялык кыймыл Ош, Жалал-Абад облустарынын элет жеринен, алыскы райондорунан башталып, тез эле борборго жеткени болду. Кыска мөөнөтө, 24 мартта жаңы бийлик орноду. 2006-2012-жылдары 24-март элдик революция күнү катары белгиленип келсе, өкүнүчтүүсү 2013-ж. баштап ал майрамдык дата катары эске алынбай калды.
- Март революциясынан кийинки дагы бир олуттуу окуя, 2005-жылдын 12-майында К.Бакиев менен Ф.Куловдун саясий тандеми болду. Ал тарыхый, саясий тандем түндүк-түштүк маселесин чечүүгө, саясий абалды жакшыртууга өбөлгө түзгөнүн айта кетүү абзел. Келишим боюнча Ф.Кулов К.Бакиевди президенттик шайлоодо колдойт, жеңишке жетишкенден кийин премьер-министрдин ордун ээлемей болгон. Келишимге жараша шайлоодо К.Бакиев шайлоочулардын 88,9% ээ болуп президенттик, ал эми Ф.Кулов премьер-министрлик креслону ээлешкени тарыхта калды.
- 2005-жылдын 1-апрелде парламент Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти А.Акаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Комиссия өз вазыйпасын аткарып 4-апрелде Москвада А.Акаевдин отставкасын кабыл алган. Анын иш аракетинин натыйжасында Жогорку Кеңеш 2005-ж. 11-апрелинде Президент А.Акаевдин мөөнөтүнөн мурда президенттик ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү токтомун (№133-111) чыгарган.
- 2005-жылдын 25 апрелинде «Кыргыз Республикасында Конституциялык кеңешмени түзүү жана конституциялык реформаны өткөрүү жөнүндө» Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алган. Аталган токтомго ылайык жаңы Конституциялык кеңешменин түзүлүп, жетекчилигине Жогорку Кеңештин төрагасы Ө.Ч.Текебаев бекитилген. Кеңешмеге 114 адам кирип, алардын 57 жарандык коомдон, 37 Жогорку Кеңешинин депутаттары, 10 аткаруу бийликтеринин, 10 сот бийликтеринин өкүлдөрү кирген. Бул конституциялык кеңешме өз вазыйпасын толук аткарган.
- 2005-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын экинчи президентин шайлоосу өтүп, К.Бакиев Президент болуп шайланды. Тилекке каршы, ал дагы элдин ишеничин, үмүтүн актаган жок. 90го жакын кишинин өмүрүн кыйып, Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кетти.
- Президенттин 2007-жылдын 23-октябрдагы жарлыгы менен Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылып, ошол жылдын 16-декабрындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча IV чакырылыштын депутаттары республиканын тарыхында биринчи жолу партиялык тизмелер боюнча шайланган.
- 2010-жыл 7-апрелде маани-маңызы, саясий мүнөзү боюнча элдик революция болду. Апрель революциясынын тарыхый хроникасы мурдагы революциядан кыска, бирок кандуу болду. Апрель революциясынын натыйжасында коррупцияга, авторитаризмге белчесинен баткан К.Бакиевдин бийлиги, үй-бүлөлүк режими кулады. Апрель революциясынын негизги саясий, социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү, шарттары жана себептери: 2005-ж. Март революциясы толугу менен өз максатына жетпей, милдеттери толук аткарылбай калган; революциянын натыйжасындагы кеңири эл массасынын жеңиши уурдалды; бир үй-бүлөлүк режим экинчиси менен алмашылып калганы тез эле байкалды; К.Бакиевдин тушунда да бийликтеги коррупция, авторитаризм жоюлбастан, мурдагы режимдей эле көбөйгөн; экинчи президент учурунда үй-бүлөлүк башкаруу сакталып эле калбастан, үй-бүлөлүк диктатура күчөгөн; Президенттин үй-бүлөсү, жакындары эл байлыгын, мамлекеттин мүлкүн уурдап-тоноосу мурдагыдан да күчөп, анысы аз келгенсип расмий бийлик криминалдар менен коюн колтук алышып кетти; үй-бүлөлүк башкаруу, расмий бийликтерге президент К.С.Бакиевдин балдарынын, бир тууган-дарынын ыксыз кийлигишүүсү күч алган; мамлекеттин экономикасынын эӊ маанилүү жактарын К.Бакиевдин уулу Максим толугу менен өз колуна алган; саясий, социалдык-экономикалык турмуштун, расмий бийликтердин баардык тармактарында коррупция, жердешчилик, тууганчылык, улутчулдук, аймакчылык, кландык көрүнүш күч алды; өлкө аймагындагы киреше көп кирген чөйрөлөрдү экинчи президенттин балдары, бир туугандары ачык эле бөлүп алышы, ар кимиси өз чөйрөсүнүн кожоюну катары, элдин кызыкчылыгын көзгө илбестен өз каалагандарын жасашкандыгы, ар бири өзүн ошол чөлкөмдөрдүн, тармактардын ээси катары сезип калгандыгы болду.
- Элдик революция ишке ашкан 7-апрель күнү бийлик толугу менен курамы 14 кишиден турган Убактылуу Өкмөткө өттү. Ө.Текебаев айткандай «… Эми биз Өкмөт, биз парламент, биз Президент болобуз. Ооба бул абдан татаал, жаман маселе…. Бирок башкача чечими жок…» болгон. Убактылуу Өкмөттүн башчысы Р.Отунбаева, биринчи орун басары А. Атамбаев, орун басарлары Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Бекназаров, коргоо министри И.Исаков, УМКК төрагасы К.Дуйшебаев, ички иштер министри Б.Шерниязов болуп дайындалган. Убактылуу Өкмөт ат көтөргүс оор жүктү аркалап, кыйын-кезең ашууда кыргыз элин, мамлекетин бөлүп, жаруудан сактап калышты. Жаңы бийликтин тушунда Р.Отунбаева өткөөл мезгилдин Президенти болуп тарыхта калды.
- 2010-жылдын 10-15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндө эки элдин ортосуна от жаккан сепаратисттердин айынан, жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган, көптөгөн кыймылдуу, кыймылсыз мүлк жокко чыккан кыргыз-өзбек этникалык кандуу кагылышуусу орун алды. Этникалык чыр чатакты иликтөө боюнча бир катар расмий, коомдук, эл аралык комиссиялар өз тыянактарын, корутундуларын беришти. Тилекке каршы, ошол кандуу кагылышты уюштурган сепаратисттер тобу, чыр-чатактын алдын алып, бөгөт коюга дарамети жетпеген, алдын ала берилген кооптуу маалыматтарга тиешелүү чара көрбөгөн расмий жетекчилер дагы эле өз жазаларын ала элек.
- 2010-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору бүткүл элдик референдумга коюлуп, добуш берүүгө катышкандардын 90% сунушталган жаңы Конституцияга колдоо көрсөткөн. Жаңы Конституциянын акыркы түп нускасы расмий түрдө 2010-жылдын 6-июлунда жарыяланган.
- Апрель революциясынан кийин, жаңы комдук, саясий кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган. Президентти шайлоонун жыйынтыктары боюнча А.Ш.Атамбаев шайлоочулардын 62,52% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын төртүнчү Президенти болуп шайланды. Бул Президентибиз өз бийлигин ыктыярдуу түрдө кийинки Президентке өткөрүп бергендиги менен айырмаланды.
- 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз республикасынын Президентин шайлоодо шайлочулардын 54,7% добушуна ээ болуп, Жээнбеков Сооронбай Шарипович көз карандысыз Кыргыз Республикасынын бешинчи Президети болуп шайланып, 2020-жылдын октябрында мөөнөтүнөн мурда Президенттик кызматты тапшырган.
- Октябрь 2020-жыл. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан», «Мекенчил» партиялары 7 пайыздык босогодон өтүшкөн. Калган партиялар, алардын тарапташтары шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп аянтка митингге чыгышкан. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. 5-6-октябрда шайлоонун адилетсиздигине элдик толкундоолор күчөп, 9-октябрга чейин митингдер күчөп, үчүнчү революциялык абалга алып келген. Митингчилер Ак үйдү, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган С.Н.Жапаров баш болгон бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. 14-октябрдан баштап С.Ш.Жээнбеков Президенттик кызматтан баш тарткандан кийин, С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу болуп калган. 14-ноябрда Президенттик шайлоого аттануу чечимин кабыл алып, аталган кызматтан кеткен. Дал ошол октябрь окуяларынын натыйжасы бийликтин алмашуусуна алып келген. Биз ошол окуялардан сабак алуубуз, тиешелүү тыянактарды чыгаруубуз керек.
- Ноябрь 2020-жыл. 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Бул жолку долбоорго Жогорку Ке-ңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болгон. 20-ноябрда сунушталган Баш мыйзамдын долбоорун толук иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн. 2021-жылдын 2-февралында Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун акыркы нускасын Жогорку Кеңешке жиберген.
- 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп, референдумга катышуучулардын 81,30% мамлекетибизге «президенттик республика» формасын тандады. Ошол эле күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн Президенттик шайлоонун натыйжасында, катышуучулардын 79,2% добушу менен С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасынын алтынчы Президенти болуп шайланды.
- 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын жаңы Баш мыйзамы – Конституциясы кабыл алынды. Учурда биз дал ошол аракеттеги Баш мыйзамдын алкагында жашоодобуз.
Жогорудагылардын баары көз карандысыздыктын 30 жылы ичинде көптөгөн олуттуу окуялар болгондугун айгинелеп турат. Албетте биз баардык окуяларды толугу менен камтый албашыбыз мүмкүн, бирок өлкөбүздүн тарыхында орун алган негизги окуяларды камтууга аракет кылып, тарыхый саресеп салдык десек болот.
Абытов Байболот Капарович – тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору. Кесиптик кызыгуусу, илимий изилдөөлөрү: Кыргызстандын, Борбордук Азиянын, Ош шаарынын тарыхы, тарыхый булактары, булак таануусу, тарыхнаамэси, кыргыз элинин чыгаан инсандары, шаар таануу, Фергана өрөөнүндөгү, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү чыр-чатактар, Кыргызстандын салттуу эмес диний агымдары ж.б. Кыргыз, орус, кытай, англис,поляк, тажик, түркмөн тилдеринде жарык көргөн 300 ашык илимий, публицистикалык эмгектердин автору, а.и. 11 монографиялары, биргелешип жазылган китептери бар.
Абытов Байболот Капарович, тарых илимдернинин доктору, профессор, ОшМЮИнин проректору
[1] Кабар –Бишкек, 28 февраля 2005 года.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ