Menu

Чүй ОИИББы: Темирлан Султанбековдун мага кол салуу болду деген билдирүүсү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чараалар жүргүзүлүүдө.
2021-жылдын 26-август күнү болжол менен саат 16:45 чамаларында Темирлан Султанбеков өзүнүн «Фейсбук» социалдык баракчасы аркылуу, 26-август күнү болжол менен саат 01:30 чамаларында анын автоунаасына карата белгисиз бирөөлөр ок чыгарганын жазган. Анда окуя кайсыл жерде болгону так көрсөтүлгөн эмес.
Жогорудагы маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы факты Аламүдүн районунун аймагында болгону аныкталган.
Темирлан Султанбеков өзү Алдамүдүн РИИБүнө 26-август күнү болжол менен саат 18:30 чамаларында кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталган.
Т.Султанбеков 26-август күнү «Nissan X-TRAIL» үлгүсүндөгү авттоунаанын айдоочусу А.Б. менен Кой-Таш айылындагы көчө менен түштүк тарапты карай баратып, жолдо уктап кетип, автоунаанын өзү отурган оң жак тарабынан
катуу үн чыкканын угуп ойгонуп кеткен. Айдоочу жогорку ылдамдык менен автоунааны айдап, К.А. аттуу жарандын үйүнө келип токтоп, автоунаанын арткы оң жак терезеси жабыркагынын байкашканын билдирген.
Т.Султанбеков жана автоунаанын айдоочусу эч кандай жабыркабагандыктарын билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Аламүдүн РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Кийин автоунаага кароо жүргүзүлүп, анын арткы оң жактагы терезесиндеги жабыркаган жери аныкталып,
соттук-трассологиялык экспертиза дайындалган.
Бул фактыга тиешелүүлөрдү аныктоо жана кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чараалар
жүргүзүлүүдө.
Бул факты ИИМдин жана Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: