Menu

Чүй ОИИББы: ПЦР тестти жасалмалоого шектүүлөр кармалышты

Бөлүшүү:

2021-жылдын 25-август күнү интернет желелерине Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар тарабынан ПЦР тесттин жыйынтыктарын жасалгалоо боюнча журналисттик иликтөө чыккан.
Бул материал милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип, Аламүдүн РИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси (Документтердин жасалмасы) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жогорудагы материалдардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жургүзулүп, жыйфынтыгында Чүй облсунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы журналисттик иликтөөдөгү эркек кишилердин өздүгү такталып колго түшүрүлгөн. Алар: 1996-жылы туулган А.Б. жана Б.А. аттуулар болушкан.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Алдын ала териштирүү учурунда, шектүүлөрдүн бири көзөмөл-өткөрмө жайлардын биринде такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөн ал эми шектүүлөрдүн экинчиси оорубагандыгы тууралуу ПЦР тесттин жыйынтыгын
даярдап келген. Ал үчүн ар бир ПЦР тесттин жыйынтыгы үчүн кардар таап жүргөн шектүү 1300 сомун алса калган акчаны шектүүлөрдүн экинчиси Б.А. алып жүргөнү маалым болгон.
Учурда Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан мындай кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу максатында ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: