Menu

Президент Садыр Жапаров: Мүдөөбүз, көксөгөн тилегибиз – Кыргызстанды туруктуу өнүккөн, көп улуттуу калкы ынтымакта жашаган, ар бир жараны өзүн бактылуу жана корголуу сезген өлкөгө айлантуу

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого карата салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу калайык калкым!

Ыйык Ала-Тоосунан алыста, чет жерде, чет өлкөлөрдө жашап жаткан бир боор агайындарым!

Элимдин бүгүнкү салтанатына катышып, кубанычына күбө болуп жаткан урматтуу коноктор!

Биз бүгүн улуу тарыхый датанын – Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын отуз жылдык мааракесин белгилеп жатабыз! Мындан отуз кылым илгери эле тарых барактарында аты алгач аталган байыркы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү өткөн кылымдын этегинде тагдырдын буйругу менен, жазмыштын куттуу тартуусу катары кайтадан колубузга тийди.  Отуз кылым ичинде элибиз нечен жолу эгемендүүлүгүн жоготуп, нечен жолу кайра калыбына келген, нечен жолу эл қатары ың-жыңсыз жоголуп кете жаздап, нечен жолу кайра тирилген…

Тарыхта татаал тагдырга туш болуп жок болуп кеткен улуттар, мамлекеттер көп болгон. Мындай элдердин катарын толуктап калбаганыбыз үчүн Жаратканга миң мертебе шүгүрчүлүк!

1991-жылы коммунисттик жана советтик парламент – Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши элибиздин, келечек муундардын алдында өлчөөсү жок кызмат өтөй кеткендигин, тарыхый улуу кадам жасагандыгын моюнга алууга жана айта жүрүүгө милдеттүүбүз. “Легендарлуу парламент” деген атак күткөн ал парламент “Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны» кабыл алып, республикабыздын эгемендүүлүгүн жана суверендүүлүгүн жарыялаган.

Ага удаа кыргыз мамлекетинин негизги атрибуттары – туу, герб, гимн кабыл алынган.

Тарыхыбыздын жаңы барагы ошентип ачылган.

Бүгүнкү улуу тарыхый датаны байтак калаабыздын толтосу касиеттүү Ала-Тоо аянтында белгилеп жатып, эгемендүүлүктүн калыбына келишине чейинки узак жана татаал жолду чапкан улуу ата-бабаларыбыздын эрдиги менен эмгегин да эскербей кетүү мүмкүн эмес.

Элибиздин байыртадан калыптанган, жалпылаштырып айтылып, идеологиялык доктринага айланган түшүнүгүндө, Айкөл Манас атабыз чачылганды жыйып, үзүлгөндү улап отуруп, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз элинин башын кошуп, Журт түзгөн экен.

Кыргыз атагын жер бетинен өчүрбөй, улуу осуятты улагандардын сап башында эзелки доорлордо Барсбек каган жана анын санаалаштары, берилегенде Мухаммед Кыргыз жана анын мүдөөлөштөрү тургандыгын сыймыктануу менен эскерип, рухтарына таазим этебиз!  Курманбек, Эр Табылды, Эр Солтоной сындуу бабаларыбыздын мууну эл-журттун эркиндиги үчүн башын сайып, Ала-Тоону душмандарга бастырбай “эл четинде, жоо бетинде” болуп келишкенин эч качан эсибизден чыгарбайбыз!

Көөдөндү сыймыкка толтуруп, жүрөктү толкуткан ушул мүнөттөрдө, “колдон намыс кеткенче, канжыгадан баш кетсин” деген принцип менен жашап өтүшкөн эр жүрөк жана акылман бабаларыбызды эстеп, анын ичинде Ормон хан, Атаке баатыр, Эсенгул баатыр, Жайыл баатыр, Атантай, Тайлак баатырлар, Алымбек датка, Байтик баатыр сындуу бабаларыбыздын атын атап өтүүнү эп көрүм турам!

Бүгүнкү эгемендүүлүк – кайсы-бир даражада 20-кылымда мамлекеттүүлүктү түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов сыяктуу аталарыбыздын көсөм саясатынын да үзүрү.

Улут катары торолуу жолубузда Исхак Разаковдун, Турдакун Усубалиевдин жана башкалардын кошкон салымы да зор!

Кадырлуу калкым!

Бүгүнкү улуу тарыхый датаны белгилөө учурунда өткөнгө кылчая көз чаптырганыбызда, оболу: “суверендүүлүктү тандап алган Кыргызстан эгемендик мезгил ичинде эмнеге жетишти?” деген суроонун өзүнөн өзү берилээри бышык.

Так кесе айтайын, көз карандысыздыгын жарыялагандан тартып Кыргызстан эл аралык укуктун толук кандуу катышуучусу жана субъектиси болуп калды. Ошондон тартып республикабыз өнүгүүнүн демократиялык өрнөгүн, идеалдарын тандап алды.

Албетте, отуз жыл ичинде өнүгүүнүн улуттук табиятка төп келген, оптималдуу моделин издөөнүн түйшүгүн тартып, биз ар кандай сыноолорго кабылдык. Олку-солку жагдайлар болду, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизди.

Натыйжада, эки президенттин өлкөдөн безе качып, бирөөсү камакта жатканы, бир нече премьер-министрдин коррупцияга байланыштуу айыпталышы – улуттук оор, кайгылуу тажрыйба болду.

Ушундай оор шарттарда Кыргызстан ириде коом ичиндеги терең пикир келишпестиктерди жеңе алды: туруктуулукту, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти жана толеранттуулукту камсыздоого жетишти. Ошондой эле жарандык коому активдүү, адилеттүүлүк, татыктуу жашоо укугу үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди, беделди сактап кала алды! Биз бул мүдөөлөрдөн тайбайбыз!

Кыргызстан быйыл жаңы редакциядагы Конституцияны кабыл алуу менен элдин колдоосунун негизинде президенттик башкаруу формасына кайтып келди. Президенттик башкарууну парламенттик башкарууга каршы коюп жүргөн күчтөр бар. Баса белгилеп айта кетейин, жаңы Конституция – улуттук мамлекетти чыңдоо, коомдогу баш-аламандыкка чек коюу  сыяктуу милдеттерди жүзөгө ашырууга өбөлгө болуп, ошол эле маалда демократиялык багытты улантууга шарт түзөт. Башкача айтканда, демократиялык баалуулуктарды көздөөдөн тайбайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Баарыбыздын мүдөөбүз, көксөгөн тилегибиз – Кыргызстанды туруктуу өнүккөн, көп улуттуу калкы ынтымакта жашаган, ар бир жараны өзүн бактылуу жана корголуу сезген  өлкөгө айлантуу.

Ошондуктан, жакынкы беш жыл аралыгындагы мамлекеттик саясат – жаңыланган, өнүккөн Кыргызстанды курууга, жарандардын өлкөгө ишенимин, ич ара биримдигин арттырууга, элдин жаратмандык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жарандардын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат!

Андыктан, өлкөнүн келечегин аныктай турган перспективдүү жана эркин бизнес чөйрөнү калыптандырууга багытталган долбоорлор жана программалар ишке ашырылат. Биз азыркы реалдуулук менен эсептешүүгө мажбурбуз. 2020-жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6%га төмөндөдү. Азыркы учурда пандемия уланып жатат, бирок ага карабастан 2021-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык активдүүлүк акырындап калыбына келүүдө жана кээ бир тармактарда өсүш байкалууда.

Мен президент болуп келгенде бюджет бош, резервде бир да тыйын жок болчу. Бүгүнкү күнгө чейин бардык мамлекеттер менен чек ара жабык. Соода-сатык жокко эсе. Албетте, мындай учурда салык менен бажы төлөмдөрүнүн түшүшү төмөндөйт. Пандемия менен дагы деле күрөшүү уланууда. Ошондой болсо да экономикалык оор кыйынчылыктардын шартында биз акыбалды турукташтыра алдык. Эгерде Кыргызстан былтыр бюджетти жабуу үчүн 350 миллион доллар карыз алса, быйыл бир да тыйын карыз албай туруп, жагдайыбызды оңдоонун жолун таптык.

Финансылык ресурстарды туура колдонуу, кечиктирилгис жана чукул иш-чараларды жүзөгө ашыруу, болочок муундун жаркын келечегине  эмитен кам көрүү максатында Стабилизациялык фонд түзүүгө даярданып жатабыз. Ал фондго эң аз дегенде 17 миллиард сом каражатты топтоо –  жакынкы максатыбыз.

Пандемиянын кесепеттерин женилдетүү үчүн чакан жана орто бизнестерге финансылык көмөк көрсөтүүнүн пландарын иштеп чыктык. Чакан жана орто ишканаларга үстөгү/проценти жок финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 6 миллиард сом (72 миллион доллар) бөлүштүрүлөт.

Андан сырткары, чакан жана орто бизнестерге коммерциялык банктардын кредит беришине шарт түзүү үчүн 24 миллион долларлык гарантиялык фонд түзүлөт.

Мындан тышкары, көмүскө экономикадан чыгуу максатында кичи жана орточо бизнеске мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт. Бул эмнени билдирет? Маселен, 15 жумушчу орунун түзгөн ишкерлердин камсыздандыруу төгүмү 17 пайыздан 4 пайызга төмөндөтүлөт.  Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалууда.

Салык жаатында чоң өзгөрүүлөр ишке ашырылат. Кыргызстан – ак иштеп, салыгыңды төлөп койсоң, бейкапар, тынч жашооңо эч ким кийлигишпеген өлкөгө айланууга тийиш. Өнүккөн өлкөлөрдө эзелтен ушул принцип уланып келет. Биздин алардан эмнебиз кем? Ошол себептен, жаңы жылдан тартып салыктын азыркы түрлөрүн төлөө менен катар, салыкты бир эле жолу, бир эле түрүн төлөө мүмкүнчүлүгү берилет.

Мурдагы бийликтердин учурундагы салык жана бажы тармагындагы жат көрүнүштөрдү жоюу, тоо-кен тармагын улуттук кызыкчылыктарга жараша иштетүү аркылуу быйылкы жылдын жети айында эле 12 миллиард сом кошумча резерв табууга жетиштик.

Натыйжада, бюджетибизден коронавируска каршы дары-дармек, вакцина сатып алуу менен бирге, пенсияларды жана пособиелерди жогорулатуунун камын көрүп жатабыз.

Урматтуу мекендештер!

Өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Айрыкча, социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн акыбалы кабыргамды кайыштырат. Азык-түлүк баалары көкөлөгөн азыркы заманда мен социалдык жактан коргоого муктаждардын көргөн күнүн, көйгөйүн күн-түн эсимден чыгарбай, көңүлүмдө түйүп келем. Аларды багып алуу менин милдетим. Кыргыз эч качан жетим-жесирин кор тутчу эмес! Орточо эсеп менен эки жүз миңдей үй-бүлө жакырчылыкта күн кечирүүдө.  Мен алар үчүн жоопкермин. Ошондуктан, эң алды менен ошолордун жашоо шартын жеңилдетүүнүн жолдорун таптык.

Маселен, 2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат.

Кыскартып айтканда, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, социалдык жөлөк пулдарынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт.

Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болот.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Экономикалык ыкчам өнүгүүнү камсыздоо үчүн биз алдыбызга башка дагы бир катар амбициялуу пландарды койгонбуз.

Кыргызстандын энергетикалык потенциалын колдонуу үчүн ири жана кичи ГЭСтерди куруу долбоорлорун жүзөгө ашыруунун үстүндө активдүү иш жүрүп жатат.

Кыргызстан географиялык жактан жол туңгуюгунда деген ырастоо жаңылыш, андыктан биздин патриот адистерибиз өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу жаатында жан үрөп иштеп жатышат.

Өлкөбүздүн шартын эске алып, “Манас”, “Тамчы”, “Ош”, “Баткен” эл аралык аэропорторунун потенциалдарын арттыруу максатында мультимодалдык жүк ташуучу авиахабдарды түзүү, индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди куруу – негизги пландарыбыздын тизмесинде.

Ири обьектилерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк инструменттери аркылуу колдонууга берүү, тез арада инвестициялык фонддорду түзүү жана ишке киргизүү экономикалык жактан оңолуунун өбөлгөсү болот деген ишенимдебиз. Азыркы учурда тиешелүү жарлыктар жана Министрлер Кабинетинин чечимдери даярдалууда.

Региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу тез арада чек ара аймактарыбызды бекемдеп, көзөмөлдөө ишин активтештирүүнүн зарылдыгы күн тартибинде турат. Кыргыз баласы абалтадан жоокер келет. Ата-бабадан калган өнөрдү унутпай, аны аздектеп, өөрчүтүү керек. Андыктан, кыргыз армиясынын курал-жарагын жана аскердик техникасын тез арада толуктап, аскердик күчтөрүбүздүн күжүрмөндүүлүгүн жогорулатуу учурдун негизги максаты деп эсептейм.

Биз коңшулар менен болгон ынтымак мамилени аздектейбиз. Стратегиялык өнөктөштөрүбүз, союздаштарыбыз жана дос мамиледеги өлкөлөр менен кызматташтыкты мындан ары да ар тараптан өнүктүрүүгө кызыкдарбыз!

Өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири – бизнес жана инвестициялар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү экендигин баса белгилегим келет. Бул багытта кардиналдуу экономикалык реформаларды, анын ичинде фискалдык, транспорттук жана логистикалык, ошондой эле тышкы соода саясатын өнүктүрүү боюнча реформаларды ишке ашыруу башталды. Ошол эле учурда санариптик мейкиндикти түзүү – өнүгүүнүн маанилүү компоненти болуп эсептелет.

Санариптик мейкиндик өз кезегинде туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Биз мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашырууга кириштик, социалдык коргоо деңгээлин, билим берүү жана квалификациялуу кесипкөй кадрларды даярдоо, сапатын көтөрүү милдети менен алпурушуп жатабыз.

Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым!

Мен сиздерге ишенимдүү түрдө баса белгилеп айта кетейин, Кыргызстаныбыздын ар бир жаранын сапаттуу билим алууга, татыктуу жашоого алдыдагы беш жылдыкта сөзсүз жеткиребиз.

Бүгүнкү улуу тарыхый күнүңөр менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Жергебизде ар дайым Манас урааны жаңырып турсун!

Жашасын, Эгемендүү Кыргызстан!”.

2021-жыл 31-август

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 87 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: