Menu

Ички иштер министри менен баш прокурорду кызматтан алуу талабы коюлду

Бөлүшүү:

Жарандык активисттер телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берген кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылууда.

Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист тараткан билдирүүгө ылайык, Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарган. Буга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин өтүнүчү негиз берген.

Тергөө кызматы жүздөн ашуун адамдын иши былтыр 5-октябрдагы Ак үйдү басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынганын сотко маалымдаган. Тергөө кызматы сотко берген жүздөн ашуун оппозициялык маанайдагы адамдардын ичинде октябрь окуяларына эч кандай тиешеси жок жарандар да катталганы белгиленген.

Кайрылууну активисттер “Фейсбукка” жарыялап, токтом конституциялык укукту бузуп, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү болорун белгилешкен.

“Биздин телефондор 6-январдан бери тыңшалып келе жатат. Тизмедеги жарандардын көпчүлүгү бийликтин саясатын сындаган активисттер. Бул жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалымат алуу максатында тыңшоо – куугунтук болуп саналат. Токтом чыгарган судья Ч. Бердимуратов тергөөчү тарабынан сунушталган тизмедеги адамдардын иликтенип жаткан ишке тиешеси бары-жогун териштирбей туруп бул кадамга барган”, – деп белгилеген активисттер президент Садыр Жапаровдон бул фактыга тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылышты.

Алардын ичинде ИИМ министри Улан Ниязбековду жана баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алуу, ал эми тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаев менен Биринчи Май районунун судьясы Ч. Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу талап кылынган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, калайман тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.

Бул окуядан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык калайманды уюштуруу, мамлекеттик мекемелерди басып алуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон. Бир катар жарандык активисттер суракка чакырылып, саясатчы Жеңиш Молдакматов жана башка адамдар кармалып, камалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: