Menu

Рейтинг: Өзбекстандын армиясы – Борбор Азиядагы эң кубаттуу армия

Бөлүшүү:

Global Firepower компаниясынын дүйнөдөгү күчтүү армиялардын рейтингинде Өзбекстан бир сапка жогорулап, 51-орунга жайгашты.

Рейтингдеги маалыматтарга ылайык, Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эң кубаттуу армия бойдон калууда. Бүгүнкү күндө өзбек армиясы негизинен орусиялык жана советтик аскердик техникалар менен жабдылган 28 бригададан турат. Жоокерлеринен саны 70 миңге жетип, өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүндө 145 аскердик учак бар. Өзбекстан армияга ички дүң өнүмүнүн 4% жумшайт. Бул аймактагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

2020-жылы Өзбекстандын аскердик чыгымдары 1,4 миллиард долларды түзгөн. Азырынча Ташкент 2021-жылга карата аскердик чыгымдар боюнча так маалыматтарды жарыялай элек. Бирок президент Шавкат Мирзиёев өлкө “туруктулук менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн” быйыл да Куралдуу күчтөрүн бекемдөөнү уланта турганын билдирген.

Ислам Каримов президент болуп турган жылдары Өзбекстандын Коргоо министрлиги совет доорунан калган аскердик техникалар үчүн тетиктерди жана ок-дарыларды сатып алуу менен гана чектелип келген.

Өлкөнүн аскердик-өнөр жай комплексин модернизациялоо бийликке Шавкат Мирзиёев келгенде гана башталган. 2016-жылы ноябрда Өзбекстан менен Орусия аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюп, көп өтпөй аскердик тармакта 2021-2025-жылдары стратегиялык кызматташуу программасы кабыл алынган. Өзбекстан бүгүнкү күндө Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болбой туруп Орусиядан аскердик техниканы ички баалар менен сатып алган жалгыз өлкө болуп эсептелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: