Menu

Юстиция министрлиги: Өлкөдө расмий каттоодон өткөн 290 саясий партия бар

Бөлүшүү:

Юстиция министрлиги Борбордук шайлоо комиссияссына каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин сунуштады.

2021-жылдын 1-сентябрына карата аталган тизмеде жетекчилери жана каттоодон өткөн (кайрадан катталган) датасы көрсөтүлгөн 290 саясий партия белгиленген (Саясий партиялардын толук тизмеси менен төмөндө таанышууга болот).

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесине ылайык:

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүүгө шайлоону дайындоо жөнүндө расмий чечим жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон жана/же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар укуктуу. Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген кундөн тартып 3 календардык кундөн кечиктирбестен ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактарына тизменин жарыяланышын камсыздайт жана ушул эле мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көрсөтүлгөн тизмени жөнөтөт. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: