Menu

1-сентябрга карата БШКга 15 партиядан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү (тизме)

Бөлүшүү:

1-сентябрдын саат 18.00нө карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 15 саясий партиядан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.

к/н

С/П аталышы

Жетекчиси

Док. түшкөн дата

Жана убакыт

1.

“Социал-демократтар“

Султанбеков Темирлан Медетбекович

30.08.2021-ж.,12:29

2.

“Улуттар Биримдиги”

Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич

30.08.2021-ж., 16:39

3.

“Ишеним”

Ибаков Мирлан Таштандиевич

30.08.2021-ж.,

17:55

4.

“Альянс”

Закиров Азиз Адамович

31.08.2021-ж., 9:00

5.

“Кыргызстандын жашылдар партиясы”

Булекбаев Эркин Касымович

31.08.2021-ж., 9:30

6.

“Жаратман Эл”

Тулеев Расул Джумабекович

31.08.2021-ж., 11:47

7.

“Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”

Осмоналиева Айдай Алмазбековна

31.08.2021-ж., 15:41

8.

“Ата Мекен”

Текебаев Өмүрбек Чиркешович

01.09.2021-ж., 11:40

9.

“Актив”

Иманалиев Курманбек Белекович

01.09.2021-ж., 13:31

10.

“Бийлик Элге”

Эрназарова Калдан Спабековна

01.09.2021-ж., 13:36

11.

“Ыйман Нуру”

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

01.09.2021-ж., 13:55

12.

“Эл үмүтү социалдык саясий партия”

Алмаз уулу Аскар

01.09.2021-ж., 15:07

13.

“Акыйкат Кыргызстан”

Таалайбек уулу Алтынбек

01.09.2021-ж., 16:22

14.

“Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”

Чекирбаева Зарина Сулаймановна

01.09.2021-ж., 16:48

15.

“Ар-Намыс”

Кулов Феликс Шаршенбаевич

01.09.2021-ж., 17:14

Календарлык планга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, шайлоого катышары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек экендигин эске салабыз. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш.

Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: