Menu

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Бөлүшүү:

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусуна катышуу үчүн 5-сентябрда Казакстандын аскердик контингенти Кыргызстандагы 20636 аскер бөлүгүнө келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.

Кыргызстандагы “Эдельвейс” полигонунда “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт. Ага Орусия баш болгон ЖККУга мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: